Дүйнө

Коронавирус.Парижге армия киргизилди

Франциянын бийликтери коронавирустун тарап аткандыгына байланыштуу Парижге жана өлкөнүн башка шаарларына аскер киргизди.

Социалдык желенин пайдалануучулары көчөлөрдө аскерлер түшкөн машиналардын видеолорун жарыялай башташты.

«Коронавирус инфекциясынын айынан өзгөчө кырдаалды, коменданттык сааты киргизүүнүн жана чек араны  жабуунун алдында мындай иш-чаралар зарыл болуп саналат», — деп билдирди телеканал 360.

RT эске салгандай, бир аз мурдараак эле Франциянын президенти Эммануэль Макрон, 17-марттан тартып  пандемияга байланыштуу Европалык союз менен  Шенген зонасынын чек арасы жабылат деп билдирген.  Бул чектөө 30 күндүк  мөөнөткө киргизилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button