Коом

Кыргызстанда үч кишиден коронавирус аныкталды, дагы канча кишиде билинбей жүрөт?

Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч адам катталды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.

Анын айтымында, жуктуруп алгандар Сузак районунда. Алар Бириккен Араб эмирлигинен келишкен.

Буга чейин бийлик өлкөдө вируска кабылган адамдар жок экенин айтып келген. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Казакстан (35) менен Өзбекстанда (11) бар болчу.

Учурда, ооруга чалдыккандар обсервацияда кармалып турушат.

Ал эми Бириккен Араб эмирлигинен жакында эле бир топ киши Умрадан кайтып келишкен, дагы канча адамда бул вирус бар, азырынча белгисиз.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн апта соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button