Коронавирус аныкталган үч киши менен катар 135 киши учакта чогуу келген
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус менен катталган үч кишиден ооруну кантип аныкталганын журналисттер үчүн ыкчам маалымат жыйында айтып берди.
Учурда илдет жугузгандар Жалал-Абаддагы инфекциялык ооруканада.
«Кыргызстанда бүгүн түндө коронавирус менен ооруган үч учур катталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиясынан умрадан келишкен. Биз алгоритмди иштеп чыгып жатканда бул өлкөдө ооруга кабылгандар аз болчу. Ошол күндөн тарта алар үйдө медиктердин көзөмөлүндө болуп келген. 16-мартта Жалал-Абаддын Сузак районунда умрадан келген адамдардын биринин дене табы көтөрүлгөн. Аны менен биргеликте 8 адамдын ден соолугу текшерилип, лабораториялык изилдөөлөрү Бишкек менен Ош шаарынан каралган. Тастыктоо үчүн кечээ кечинде да анализ алынган», — деди Чолпонбаев.
Коронавирус аныкталгандар 70, 61 жана 46 жашта экендиги белгилүү болду. Эми медиктер алар кимдер байланышта болгонун тактап жатышат.
Үч киши менен биргеликте учакта 135 киши келген. Ошол рейстеги 90 киши табылып, анализ тапшырууда.
Abal.kg