Коронавирус. Министр паникага алдырбай, жеке гигиенаны сактоо керектигин айтты

Бүгүнкү журналисттер менен ыкчам маалымат жыйынында КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев элди паникага алдырып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
“Бул ооруну тартип жана тазалык менен гана жеңе алабыз дейт.
«Вирустун очогу болгон Кытай аны бекем тартип жана тазалык менен гана жеңип жатат. Негизгиси ар бирибиз өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө жоопкерчиликтүү болуп, гигиенаны сактайлы», — деди министр.
«Азыр медициналык жайларда орундар, медиктер жана дары-дармек жетиштүү», — деди ал.
Мындан сырткары, Чолпонбаев өзүнөн кандайдыр бир белгини байкагандарга үйдөн чыкпай, дарыгер чакыртууну сунуштады.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган ачгачкы учур катталды. Жуктуруп алган үч киши азыр Жалал-Абаддын инфекциялык ооруканасында. Алар Сауд Аравиясынан келишкен.
Abal.kg