Саясат

Жогорку Кеңеште өлкөдө өзгөчө абал жарыялоо сунушталды

Өкмөттүн көңүл ачуу жайларына жана кафе-ресторандарга барбай туруу боюнча сунушун эч ким аткарбай жатканын депутатат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында айтты.

Ал төрагага коронавирус боюнча көйгөйдү мамлекет башчысы менен сүйлөшүп, өзгөчө кырдаал киргизүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү суранды.

“Эгер укпай, көңүл бурбай жатса чечимдерди кабыл алыш керек да”, — деди ал.

Бүгүн, 18-мартта, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус табылганын маалымат жыйында билдирген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button