Саясат

Депутат: Россия менен Казакстандын чек арасында 300дөй кыргызстандык чыга албай турат

Россиянын Оренбург облусунда Казакстан менен чектешкен аймакта 300дөй кыргызстандык чыга албай турганын парламенттин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова айтты.

“Бул маселени чечип бергиле, алардын акчасы да калбай калыптыр. Алар коронавируска байланыштуу чараларды көргөндүктөн же Россияга, же Казакстанга кире албай турат”, — дейт депутат.

Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча социалдык тармактарга дагы маалыматтар тараганын билдирип, өкмөт аларды Казакстан аркылуу алып келүү үчүн болгон аракетин көрүп жатканын айтат.

“Балким учак жалдап, же Казакстандан биздин жарандарга транзит ачып берүүнү суранабыз. Өкмөт бул боюнча иштеп жатат. Мекенине келүүнү каалаган бардык жарандардык алып келүү керек”, — дейт Жумабеков.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button