Коом
Коронавирус. 200дөй кыргызстандык турист мекенине кайта албай жатат
Учурда көптөгөн кыргызстандык туристтер чек аралар жабылгандыктан Кыргызстанга келе албай жатканын ТИМдин консулдук кызмат департаментинин директорунуну орун басары Муча Көчөрбаев брифингде айтты.
Ал Казакстан өзгөчө кырдаалдар жарыялагандан бери 200дөн ашык кыргызстандык чет мамлекеттерде жүргөн. Негизинен алар Гоа менен Шри-Ланкада.
“Маданият министрлиги менен Трансппорт министрлиги
жолдорду караштырып жатат. Жеке компаниялар менен Алматыдан чартердик каттам
аркылуу алып келүү каралууда. Туристтик агенттиктер дагы иштеп жатат. Алардын
өздөрүнүн камсыздандыруусу жана шарттары бар”, — дейт ал.
Abal.kg