Окуялар
Баткенде сегиз киши карантинге киргизилди

Баткенде сегиз киши коронавируска каршы карантинге алынды. Алардын бардыгы Сауд Аравияга умрага барган жарандар менен чогуу бир учакта учуп келишкен.
Маалымат боюнча Баткен районундагы жети киши жана Кадамжай районунан бир киши карантинге алынды. Алардан коронавируска карата анализ алынды. Учурда абалы жакшы.
Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов бардык жетекчилер менен кеңешме куруп, карантиндеши кишилердин абалын тыкыр текшерип, туугандары менен көрүшүүгө тыюу салып, керектүү медициналык дарылоону уюштурууну тапшырды.
Кыргызстанда коронавирус үч кишиден чыкты.
Abal.kg



