Дүйнө
Коронавирус. Монголияда жарандар 90 күнгө чейин насыя пайыздарын төлөбөйт

Монголиянын каржы министри менен Улуттук банктын төрагасы өлкө жарандары колдонууга жана коммерциялык багытта алган насыяларынын үстөк пайызын 90 күнгө чейин төлөбөй коё аларын айтты. Мындай чечим Монголия өкмөтүнүн коронавирус боюнча өткөн жыйынында кабыл алынган.
Каржы министринин айтымында, миңден ашык жеке жана юридикалык жактар мамлекет январдан бери коронавирус коркунучунан улам чыңалууда тургандыктан насыяаларынын үстөк пайыздарын төлөөдө кыйынчылык тартып жатканы белгилүү болду.
Коронавирус башында Кытайда декабрь айында чыгып, андан кийин коңшу жана башка чет мамлекеттерге жайылган. Монголия чек арасынын басымдуу бөлүгү дал ушул Кытай менен чектешет.
Abal.kg