Окуялар

Умрадан Кыргызстанга дагы 300 киши келиши күтүлүүдө. Алардын абалы кандай?

Арадагы эки-үч  күндө Сауд Аравияга кичи ажылыкка барган 300 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул туурасында Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Акыркы бир айдын ичинде умрага миңдин тегерегиндеги мекендеш барып келген.

«Эртең 100, бүрсүгүнү 200 кыргызстандык умрадан кайтып келет. Алардын баарын аэропорттон текшеребиз, эч биринде коронавирус аныкталбаса үй карантинине жиберебиз. Эгер бирөө жарымдан аныкталса, баарын обсервацияга алабыз», — деди Исаков.

Карантинге алынгандар үчүн өлкө боюнча 1600 койка даярдалганын айтып, учурда обсервацияда 321 адам жатканын белгиледи.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button