Дүйнө

Коронавирус карантининен качып чыккан киши табылды

“Кечээ коронавируска шектелип, Мурманскде ооруканага жаткырылганда  качып кеткен 68 жаштагы киши табылды, деп билдирди Мурманск областынын коронавирус кырдаалына карата түзүлгөн оперативдүү  штабынан. Бул туурасында 18 — мартта INTERFAX.RU  маалымдады.

«Бул адам кайсы жерде экени такталды. Жакынкы арада ал обсерваторияга алынып келинет», — деп айтылган билдирүүдө.  

Ал киши ушул шейшембиде Москва убактысы боюнча саат 20:00го чукул качып чыккан. Аны издөөгө  полиция кошо киришкен.

Бул киши  — «Стакфелл» судносунун экипажынын мүчөсү болгон. (STAKFELL, ООО «Баренцбиоресурс»). Ал денесинин температурасы көтөрүлгөндүктөн ооруканага жаткырылган. «Мурманский морской рыбный порт» АКсынын билдирүүсүнө караганда судно 11 күн мурда Киркенеса (Норвегия) портунда болгон.

Дүйшөмбүдө Мурманскиде коронавируска шектелип эларалык шахмат турнирине катышып жаткан ирландиялык киши да ооруканга жаткырылды. Андан соң ошол турнирге барган Мурманскинин мэри Евгений Никор да карантинге кетүүгө аргасыз болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button