Коом

Министр: Медициналык беткапты сатып алууда чектөө коюлду

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстандын өзүндө беткап чыгаруу боюнча өндүрүш жолго коюлганын брифингде айтты.

Министрдин ырасташынча, беткап тартыштыгы болбошу керек. Ал көптөгөн өлкөлөр башка мамлекеттерге маскаларды жана антисептик каражаттарды экспорттоого тыюу салганын айтты.

“Кыргызстанда маскаларды өндүрүү боюнча жергиликтүү өндүрүш жолго коюлду. 17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миӊ даана бет кап жеткирилген. Жарандар аларды көп санда ашыкча сатып алгандыктан, дефицит жаралууда. Бүгүнкү күндө бекитилген баасы – 10 сом, бир адамга 3 даана маска сатуу чеги орнотулган”, — дейт ал.

Министр масканы көп сатып алып, үйдө катып отуруу болбой турганын, масканы ооруган гана адам тагынышы керектигин эскертет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button