Коом

Улуттук банк кредиттер боюнча төлөмдөрдү узартууну сунуштоодо

Кыргызстанда коронавирустун чыкканынан улам, анын экономикага, калкка, ишкер субъектилерине, анын ичинде банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлеринин кесепеттерин жеңилдетүү максатында кабыл алынып жаткан чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 18-мартында «COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт: 

– кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат; 

– кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат; 

– берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат; 

– кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет. 

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button