Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшүүгө 1 миллион сом бөлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев коронавируска каршы күрөшүү үчүн Республикалык штабдын эсебине бир миллион сом которот.
Депутат жергиликтүү ишкерлерге да анын жолун жолдоп, колдон келген жардамдарын берүүнү сунуштады.
— Бүгүнкү күндө депутаттар укмуштудай сөздөрдү айтып жатасыздар. Медицина кызматкерлерге оор болду. Ооругандарды дарылап жатат. Биз болсо кол алышкандан коркуп бул жакта жүрөбүз. Кыргыз мамлекетинин ичиндегилер, башка мамлекеттегилер жардам берип жатат. Кыргыз мамлекетинин ишкерлери колдон келген жардамды берсек. Мен бүгүн республикалык штабга 1 миллион сом которуп берем. Калгандары колдон келген жардам берсе жакшы болмок,- деди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттын бул сунушуна ыраазычылыгын билдирди.
— Сизге окшогон адамдарыбыз көп болсун, — деди өкмөт башчы. — Учурда ишкерлер каражат которуп жатышат, ошондой эле фракциялардын биринин депутаттары бир айлык маянасын которууга даяр экенин билдиришти. Биз бул каражаттарды натыйжалуу колдонгонго аракет кылабыз. Вирус жаңы гана келди, көбөйүшүнө даяр болушубуз керек,- деди премьер-министр.
Эскерте кетсек, бүгүн Өмүрбек Бабанов 5 миллион сом бергенин жазган эле.
Abal.kg