Арак менен тамеки коронавирустан сактай алабы? Адистин жообу

Бул тумоо чыккандан бери андан сактануунун ар түрдүү амал-айласын издешкен адамдар, арак ичсең аман калат экенсиң деген эл ичинде жүргөн көз караштарга ишенишип, ачуу сууну вирустун профилактикасы катары ичип атышканы да маалым. Ал түгүл коронавирус Кытайда күчөп турган мезгилде анын эпицентри Уханда арак ичип, кызуу жүргөндөрдү интернет желеси кабарлап атты. Ал эми Иранда ичимдик вирустан сактайт экен деп метиловый спирт ичип алышып, жети адам ууланганын билебиз. Чындап эле арак менен тамеки коронавирустан сактайбы, адистин пикирин угуп көрөлү.
Арак ичүү коронавирустан сактай албайт экен. Бул туурасында Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкааркы башкы наркологу Евгений Брюн «Ридус» желелик (сетевое) басылмасы менен баарлашуу учурунда айткан, деп билдирди lenta.ru.
«Алкоголду ичүүнүн уруксаат берилген дозасы нөлгө барабар. 20 миллилитр (грамм) күчтүү алкоголь ичип койсоң, андан зыян деле болбойт болуш керек. Ошончолук эле ичкиңер келсе, андан көрө жеңил шарап (сухое вино) ууртап-таткан оң», — деди ал, анан алкоголь бейтаптын айыгуу убактысын узартып ийиши мүмкүн деп кошумчалады.
Ошондой эле Брюн арак баардык оорулардан сактайт деген мифти да жокко чыгарды. «Спирт тез учуп кетет, ошондуктан алкоголь узакка созулган профилактикалык таасир бере албайт. Эгер профилактика үчүн алкоголду ичиш керек болсо, анда анын дозасы адамды өлтүрө турган көлөмдө болуш керек», — деп тактады, ал.
Сөзүнүн аягында нарколог, тамеки тартуу дагы коронавирустан сактай турган касиетке ээ эмес, тескерсинче кеселдөө процесси андан да жаман патологиялык формада өтөт.
Азыркы тапта Россияда коронавирусту жуктургандардын саны 147ге жетти.
Abal.kg



