Коом

Коронавирус. Кыргызстанда дагы 3 адамдан аныкталды

Бүгүн Кыргызстандын аймагынан коронавирус жуктурган дагы үч адам аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

«Коронавирус табылгандар Ноокат районунун тургундары. Кырдаалга байланыштуу кижи ажылыкка барып келгендер көп дүрбөлөң түшпөңүздөр. Умрага барып келгендер үйүңүздөрдөн чыкпай, көп адамдар менен жолукпай туруңуздар. Кандайдыр бир шек жаралса дароо кабарлаңыздар. Учурда биздин дарыгерлер үймө-үй кыдырып текшерип жатат», — деди Чолпонбаев.

Алар аймактык оорукананын жугушуу оорулар бөлүмүндө. Үчөө тең эркек кишилер. 

Коронавирус табылган жарандар 12-мартта түз каттам менен Ошко учуп келишкен. Алардан вирус 19-март күнү аныкталды.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button