Коом

Коронавирус. Дүйнөнүн 156 өлкөсүнө кучагын жайды. Кыргызстанда абал кандай

Бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Ошондо жалпы жонунан коронавирус илдетин  жуктурган алты киши аныкталды.

Ооруга чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген.

Учурда коронавирус табылган жарандар менен кошо келген жарандарды тактоо иштери жүрүп жатат.

«Карантинге алуу боюнча каршылык көрсөтүп, кээ бири түшүнүп, кээ бири түшүнбөй ар кандай нерселерди айтып жатат. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери иштеп, түшүндүрүп жатат», — деди Чолпонбаев.

Республиканын түштүк аймагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу дагы кошумча 700 орундук уюштурулду. Жаӊы орундар “Ош” эл аралык аэропортунда дагы ачылууда.

Чолпонабаев умрадан учуп келе тургандар азыр катуу көзөмөлдө экендигин кошумчалады.

Жаңы коронавирус табылган жарандар 12-мартта Сузактын тургундары менен бир учакта келген эмес. Алар түз каттам менен Ошко учкан.

Коронавирусту дүйнө илимпоздору толугу менен изилдеп бүтө элек. Биздин практикада деле оорулуунун жанында жүргөндөрдүн биринен чыкса, экинчисинен чыкпаган учурлар бар деди министр.

20-мартка карата оору дүйнөнүн 156 өлкөсүндө катталды. Акыркы суткада илдеттен 997 киши жарык дүйнө менен кош айтышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button