Саясат
Абылгазиев: Эң негизги көйгөй ден-соолук жана экономикалык кырдаал

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каатчылык келе жатканын Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2019-жылдагы иштери тууралуу отчету каралып жатканда айтты.
Премьер быйыл негизинен эки чоң көйгөй бар экенин билдирет. Биринчиси ден соолук, экинчиси бул экономикалык кырдаал. Алардын ичине валютанын курсу, баалардын өсүшү жана башкалар бар.
Абылгазиев андан сырткары өкмөт учурдагы кырдаалды эске алуу менен өздөрүнүн антикризистик программасына кошорун билдирет.
Оштун Ноокат, Жалал-Абаддын Сузак райондорунан үчтөн кишиден коронавирус табылганын министр Космосбек Чолпонбаев айтты. Бардыгы болуп азыр алты киши коронавирус менен ооруп жатат.
Abal.kg