Дүйнө

Коронавирус. Сактанам дегендер арак ичип ууланып өлүүдө

Түркиянын Стамбул шаарында жасалма аракка ууланып каза болгондордун саны 20га жетти, дагы 34 киши оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу Түркиянын Haber7 басылмасы жазып чыкты.

Бул адамдар коронавирустан сактануу үчүн арак ичишкен. Алардын баары Түркмөнстандын жарандары.  

Жасалма спирт саткан деп 7 киши кармалган. Эске салсак, коронавирустун алдын алуу катары алкоголь ичимдиктерин ичип, каза болгон учур Иранда да катталган. Анда метил спиртин ичип 7 киши өлсө, дагы 4 киши сокур болуп калган эле.

Эскерте кетсек, коронавирустан спирт ичимдиктери, тамеки чегүү сактай албастыгын адистер эскертип келишет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button