Коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон 65 киши Бишкекте
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алганы үч жаран менен байланышта болгон бардык жарандар изделип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, бүгүн Ноокаттын үч тургуну коронавирус жуктурганы кабарланган. Алар Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келишкен. Учурда аймактык ооруканада жатышат.
«Вирус жуктургандар 12-март күнү Джида — Ош каттамы менен учуп келишкен. Алар менен учакта 282 киши болгон. Учурда алар жана байланышта болгон башка жарандардын бардыгы жергиликтүү бийлик органдары, ӨКМ жана ИИМ тарабынан изделип жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми вирус жуктурганы 18-март күнү билинген жарандар менен байланышта болгон бардык адамдардын ким экени аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Учакта чогуу келген 144 адамдын 48и — Жалал-Абад облусунан, 63ү —Ош облусунан, сегизи — Баткенден, төртөө — Чүй облусунан жана бирден киши Ысык-Көл, Нарындан. Бишкек шаары боюнча 19 киши. Бардыгы тест тапшырып, анализдери таза чыккан.
Мындан тышкары, бул адамдар менен байланышта болгон, ал-жай сурашкан тууган, тааныштар дагы такталып, үй карантинине алынды. Алардын 1414ү — Жалал-Абад облусунан, 195и — Ош облусунан, 526сы — Баткенден, 84ү — Чүй облусунан, сегизи — Кочкор районунан, 65и — Бишкектен экен билгилүү болду.
Министрлик үй карантинине киргизилен адамдарды медиктер тарабынан айтылган сунуштамаларды так аткарууга чакырат.
Abal.kg