Дүйнө
БУУнун башчысы коронавирус менен күрөшүүнү согушка теңеди

Бириккен Улуттар Уюмунун башчысы Антониу Гутерриш учурда дүйнө жүзү коронавирус менен күрөшүүдө согуштагы абалдай экенин журналисттер менен видеоконференицяда айтат.
“Дүйнө жалпы душман менен күрөшүп жатат. Ага карата учурунда чара көрүп, жасаган аракеттерибизден майнап чыгыш керек”, — дейт ал.
Гуттереш азыр жер шары буга чейин болуп көрбөгөндөй абалда экенин жана айрым эрежелер оорунун алдын алууда жарабай турганын билдирет. БУУнун башчысы коронавирусту жакыр мамлекеттерге тарашына жол бербөө керек деп эсептейт.
Abal.kg



