Саясат

Ноокат районундагы Көк-Бел айылдык кеңешине шайлоо жылдырылды

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинде шайлоо жылдырылганы тууралу КР БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат берди.

Нуржан айымдын айтымында 19-мартта Ош облусундагы Ноокат районунда 3 адамдан катталган коронавирус илдетинен улам жылдырылган.

“Мыйзам боюнча райондогу же республикалык масштабдагы өзгөчө  кырдаалда жергиликтүү кеңеш токтотулат. Ошондуктан биз шайлоочуларыбыздын коопсуздугу үчүн  ушундай  кадамга бардык. Эң негизги  приоритет — биз үчүн жана мамлекет үчүн биздин жарандарыбыздын коопсуздугу. Учурда Ноокат районундагы катталган коронавирустан улам   өзгөчө кырдаал түзүлдү, бул аймактагы  шайлоо да жылдырылды.  Эгерде ушундай кырдаал республиканын башка аймактарында да катталса анда ал жакта да шайлоо жылдырылат”,- деди.

БШКнын жетекчиси бул маселеге  Өкмөт кандай чечим кабыл алат,  бүгүн күтүп атабыз дейт.

Андан тышкары Шайлдабекова БШК учурда болуп аткан кырдаал боюнча дайыма мониторинг жүргүзүп атканын айтты.

“Биз тиешелүү бардык органдар, Өкмөттүн жана президенттин аппараттары менен да тыгыз иштешип жатабыз”,- деди БШКнын жетекчиси.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button