Коом

Коронавирус. Каракол шаарындагы бардык базарлар менен коомдук транспорт токтоду

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы бардык базарлар менен коомдук транспорт жабылды. Тиешелүү чечимди Каракол шаарынындагы коронавирустук инфекциянын пайда болушун жана алдын алуу боюнча штабы кабыл алган.

Чечимде эмнелер камтылган:

1. Каракол шаарынын ичиндеги жана райондор аралык маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулсун;

2. “Макиш” базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү жабылсын, көрсөтүлгөн жайларда дезинфекция иштери өткөрүлсүн;

3. 20 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы 19-00гө чейин кыскартылсын, 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылсын.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button