Коронавирусту атайылап башкаларга жуктурган адам ооруканада өлдү

Дарылангандын, врачтардын рекомендацияларын катуу сактагандын ордуна, тууган-туушкандарына “мен эми бул инфекцияны элдин арасына барып, башкаларга атайылап жугузамын” деп жарыя кылып, анан даярданып алып кечинде пивоканага барган. Пивоканда көп кишилерге болбосо да, бир адамга жугузганы так аныкталды.
Бул окуя Япониянын Гамагори шаарында болуп өттү. 50 жаштагы эркектин коронавируска чалдыкканы март айынын башында аныкталган. Врачтардын рекомендациясын аткарып, карантинде жаткандын ордуна, ооруп калганына капа болгон неме тууган-туушкандарына “мен эми бул инфекцияны элдин арасына барып, башкаларга атайылап жугузамын” деп жарыя кылган. Ошол эле күнү кечинде атайын эки пиво барына барган. Бир адамга жугузганы анык болду. А өзү Гамагори шаарынын борбордук ооруканасында көз жумган. Бул туурасында Kyodo News кабарлады деп, liter.kz 18-мартта маалымдады.
PS.: Мына ушундай кара өзгөй, акылсыз адамдардан Кудай сактасын.
Abal.kg