Коом

Каныбек Туманбаев: Учурдагы сыноону да жеңебиз, бул күндөр да артта калат

Кыргызстанда кайрымдуу иштерди аркалаган ишкер, меценат  Каныбек Туманбаев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, азыркы учурдагы дүйнөдөгү чоң сыноо тууралуу фейсбук баракчасына  жазды.

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!

Чыгыш элдеринин жаңы жылы болгон Улустун улуу күнү Нооруз майрамы босогобузга кирип келди. Жаз менен кошо жаңыланууну жар салган бул майрам менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын.

Эзелтен элибиз бул майрамды күн менен түндүн теңелүү учуру катары карап, «жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан» мезгил экенине өзгөчө маани берген. Апаларыбыз чогулгандарды аластап, жакшы каалоо-тилектерин айтып батасын берсе, дыйкандарыбыз жаңыдан айдаган эгиндеринин мол түшүм берүүсүн Жараткандан тилеген. Ошол үчүн да “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген ата-бабаларыбыздын асыл кеби Нооруздун шаңына туш келсе керек.

Бул жылы майрамга утурлай Кыргызстанды, сүйүктүү мекенибизди чоң сыноо тооруп турат. Жер планетасын бүлүккө салган коронавирус тилекке каршы бизге да жетти. Учурда 12 жараныбыз аталган дартка кабылып, ак халатчан дарыгерлер аларга колдорунан келишинче жардамын берүүдө. Ондогон бир туугандарыбыз жалпы улуттун саламаттыгы, өз ден соолугу үчүн обочо карманып турат. Дүрбөлөңгө түшүп, бул кырдаалдан пайдалангысы келгендер да чыгып жатат. Бирок, кыргыз эли мындан да оор күндөрдү башынан кечирген. “Кырылган сайын күчөгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн” журтубуз кыйынчылыктарды сабырдуулук менен кабыл алып, андан акылмандык менен чыгып келген. Учурдагы сыноону да жеңебиз, бул күндөр да артта калат. Ал үчүн, баарыбыз “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып, бийлик өкүлдөрү, дарыгерлер айткан талаптарды так сактап, биримдиктүү, ынтымактуу болушубуз керек.

Эң башкысы элибиз аман, мамлекетибиз бүтүн болсун. Жаркырап кирип келген Нооруз майрамы өлкөбүзгө биримдикти, тынчтыкты, ынтымакты алып келсин. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып, казаныбыз ашка, дасторконубуз нанга, кампабыз данга толуп турсун. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, мекендештерим!

Сиздерди терең урматтоо менен,
Каныбек ТУМАНБАЕВ

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button