Коом

Коронавируска чалдыккан казахстандык Стамбулдан келип, Бишкек аркылуу Кашкелеңге өткөн

Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахметшарип коңшулаш мамлекеттеги коронавирус илдетине чадыккан 53 – бейтап тууралуу маалымдады.  Бул туурасында Zakon.kz билдирди.

«1986-жылкы бул жигит  17 — мартта Стамбул — Бишкек рейси менен учуп келип, 18 — мартта Бишкектен автомашинага түшүп, Алматы облусунун  Карасай районунун Кашкелең шаарына бет алган. Азыр ал стационардык карантинде. Абалы каннаттандыраарлык», — деп билдирди ал.

Азыркы учурда Казсакстанда  коронавируска чалдыккан 53 бейтап катталды: Алматыда — 22, Алматы облусунда  — 1, Карагандыда — 2, Нур-Султанда — 28.

А Кыргызстанга эртең – 22- марттан баштап бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал киргизиле турганы маалымдалды. Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 12 бейтап дарыланууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button