Коом
Бишкекте коронавирус жуктурган эки киши аныкталды

Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Жуктургандардын бири Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда жаткан. Ал эми экинчиси Сауд Арабиядан кайтып келип, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.
Мындай жол менен өлкөдө СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 14кө жетти. Буга чейин илдет жугузгандардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ноокатта болсо, дагы бир адам Баткен районунун тургуну болчу. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер.
Abal.kg