Курсан Асановдун кыргызстандыктарга кайрылуусу

Урматтуу кыргызстандыктар!
Таажы вирусунун жайылышына байланыштуу өлкөдө татаал кырдаал түзүлүүдө. Мына ушундай күндөрдө бардык мекендештеримди тартипти сактоого, дарыгерлердин бардык сунуштарын так аткарууга жана эң башкысы сабырдуулукка чакырам.
Өзгөчө оорчулук дарыгерлерге жана тартип сакчылыгында турган тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине тийүүдө. Милиция жана аскерлер ар дайым мамлекеттин коопсуздугунун тиреги болуп келген жана бүгүнкү күндө да алар мына ошол вазийпаны аткарууда. Кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана милиция, башка тартип органдарынын кызматкерлерине сөзсүз баш ийип, айткандарын аткарууга чакырам. Алар биринчи кезекте коомдук коопсуздукту камсыздоонун үстүндө иштеп жатышат.
Зарылдыкка жараша өзгөчө кырдаал жарыялап, мамлекетти, жарандардын ден соолугун сактап, өлкөнүн келечеги үчүн иштешибиз керек. Баарыбыз биргеликте жана жалпы аракет менен гана апааттын жана вирустун үйүбүзгө кирип келишине жол бербей кое алабыз.Таажы вирусу-бул көрүнбөгөн жоо. Мындай апаатка караганда колуңда курал менен душманга каршы туруу жеңил. Бүгүнкү күндө ден соолук жана тартип сакчылыгында тургандар өздөрүн эле эмес, үй-бүлөлөрүн да олуттуу коркунучка салып турат. Ошондуктан дагы бир жолу мекендештеримден өтүнүп кетем, түзүлгөн кырдаалга туура түшүнүңүздөр.
Сиздерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, баарыңыздарга, өзгөчө карыяларыбызга бекем ден соолук каалаймын. Алар учурда эң аялуу болуп турушат. Биздин аракетибизден алардын бакубаттуулугу көз каранды. Кээ бирөөлөр эч кандай кызматы жок туруп, бул эмнеге кайрылуу жасап жатат деши мүмкүн.
Мен биринчи кезекте өз өлкөмдүн атуулумун. Кандай кырдаал болбосун мен ар дайым элим менен болгонмун жана боло беремин. Азыркы оор кырдаалда мекендештерим менен биргемин. Жалпы Кыргызстанга тынчтык жана жакшылык каалаймын!!!
Урматтоо менен сиздердин генерал Курсан Асанов.