Алыкул Осмонов: «Жазда башка…Жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут»

Кечээ “Нооруздун” улуу күнүндө Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген. Эң жөнөкөй, жүрөккө эң жакын ырларды жазган, айрыкча жүрөгүнүн толтосунда өмүр бою мекенине болгон чексиз сүүйүүсүн сактаган улуу акындын Ата-Журтуна арнаган көөнөрбөс ыры эрксизден эсибизге түштү. Жерин сүйөөр, элин сүйөөр бул гениалдуу ырды акын Чолпон-Атада 1948 — жылы жазган. Башыбызга кыйынчылык түшүп турганда түшүнүп атабыз, бул ырдын чыныгы маанисин:
“Жазда башка…Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруйун Ата Журт!” деген төрт сабы эле эмес, үч куплетин бүт жадыбалдай жаттап алып, айтып, ырдап жүрсөк жарашмак, эгер эл-жерибизди, бабабыз Манас аманат калтырган бир ууч кыргызыбызды сүйсөк!
Ата Журт
Жылуу кийин,жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу…бороон улуп,кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу Ата Журт!
Түндөр жаман…кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу Ата Журт!
Жазда башка…Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас,мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруйун Ата Журт!
Abal.kg