Без рубрики

АКШ коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча 3-орунга чыкты

Джонс Хопкинс университетинин проектисинен алынган маалыматка караганда АКШ коронавирус илдетин жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө  үчүнчү орунга чыкты”, деп билдирди News .mail.ru.

Бүгүнкү Москва убактысы боюнча таңкы саат 5:56га карата АКШда  26574 киши коронавирус илдетине чалдыкканы катталып, анын 336сы көз жумуп, 176  айыгып чыкты.

Илдетти жуктургандар боюнча биринчи орунда Кытай (81 345), экинчи орунда  Италия (53,5 миң), үчүнчү орунда АКШ (26,5 миң), төртүнчү орунда Испания (25,4 миң), бешинчи Германия (22,3 миң), алтынчы Иран (20,6 миң) жана жетинчи Франция (14,4 миң).

22 — мартта коронавируска чалдыккандар дүйнө жүзү боюнча 30миңден  ашып кетти. Акыркы маалыматтар боюнча жер шарында 306395 киши бул илдет менен ооруп жатат. 13031 киши каза таап,  92335и айыкты.

Россияда илдетке чалдыккандардын саны 306. Бир киши каза тапты.

Коронавирус инфекциясы оорулуу адамдын мурдунан же оозунан бөлүнүп чыккан майда бөлүкчүлөр (чачырандылар) аркылуу жугат. Ал бөлүкчөлөр (чачырандылар) тегерегиндеги адамдарга, предметтерге барып жабышат. ВОЗ оорулуу адамдардан бир метр же андан ашык аралыкта окчун болгула, колуңарды тез-тезден самындап жуугула, же антисептик чачкыла, оозуңарга, мурдуңарга, көзүңөргө  кол тийгизбегиле деп улам айтып, маалымат берип жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button