Коом

Дааватчылардан коронавирус табылды. Алардын тагдыры кандай болот?

Пакистанда кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылганы тууралуу 23-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматына караганда, 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн.

Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган жок.

Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат.

Бул өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 800 кишиге жетти, бешөө каза болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button