Саясат
М.Абылгазиев карантиндеги талаптарды сактабагандарга катуу чара көрүлөөрүн айтты(видео)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Вирус алыс жакта эмес – вирус ар бирибиздин жаныбызда!”- деп айтты.
Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар режими учурда элдин талапка кайдыгер карап жаткандыгын баса белгилеп, вирус алыс жакта эмес, ар бирибиздин жаныбызда экенин, андыктан карантинде сейилдеп басуу эмес, ооруну жуктуруп албоо керек экенин, талапты сактабаса катуу чара көрүлөөрүн баса белгиледи.
Abal.kg



