Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланат
Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду. Аталган шаарларда өзгөчө абал 25-марттан тарта 15-апрелге чейин киргизилмекчи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Президент Сооронбай Жээнбеков , ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушкан.
Анда өлкөдө коронавирустун жайылып жатышы тууралуу сөз болгон. Мындан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө абал киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Президент тийиштүү жарлыктарга кол коюлуп Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура уюштурулат.
Президент аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.
Өзгөчө абал тууралуу
Өзгөчө абал киргенде көрсөтүлгөн шаарларга комендантура киргизилип, абалды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет координациялай баштайт.
Өзгөчө абал режими КР жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.
Abal.kg