Саясат
Парламент өзгөчө абал тууралуу кезексиз жыйынга чогулат
Парламент депутаттары 24-мартта, кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Нуракун Ибриам уулу жазды.
Бүгүн, 24-март саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартибинде Өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.
Эске салсак, эртең, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилет. Президент тиешелүү Жарлыктарга кол коюп, Жогорку Кеңешке жөнөткөн.
Abal.kg