Без рубрики

Коронавирус. Дүйнө жүзүнө чагылгандай тез тарап жатат

Коронавирус дүйнө жүзүнө өтө тездик менен тарап жатат. Бул тууралуу Женевада өткөн брифинг учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Дүйнөлү саламаттык сактоо уюму коронавирус азыркы тапта кадимкидей күч алганын айтты.

Алгачкы учур катталган соң вирусту жугузуп алгандардын саны 100 миңге жеткиче 67 күн өткөн. Кийинки 100 миң киши 11 күндүн ичинде топтолду.  Ал эми үчүнчү 100 миңи төрт күндүн ичинде вируска чалдыкканы айтылды.

Ошондой эле ал адам баласы бул оору менен күрөшө аларын, болгону аракет жана тартип керектиги кошумчаланды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта дүйнөдө COVID-19 вирусуна 381 499 адам кабылды. Алардын ичинен 101 794ү сакайып кетсе, 16 557си каза тапты.

Ал эми Кыргызстанда азырынча вирус жуктургандардын саны — 42ге жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button