Дүйнө
Грецияда коронавирус жуккан аял дени сак бала төрөдү

Грецияда коронавирус жуккан аял дени сак бала төрөгөнүн өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү, профессор Сотири Циодрас билдирет.
“Вирус менен күрөшүү бардыгыбыздын ишибиз. Оору жуккан жаш келин дени сак бала уул төрөдү”, — дейт ал.
Ушундай эле окуя Кытайдан Харбин аймагында да катталган. Анда вирус жуккан келип дени сак баланы жарык дүйнөгө алып келген.
Учурда дүйнө жүзү коронавирус менен күрөшүүдө. Акыркы кезде ал Европа мамлекеттеринде тездик менен жайылууда.
Abal.kg