Окуялар

Нарында коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан киши кармалды

Нарын облусунда коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан киши 23-мартта кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалымат боюнча ал ыкчым-иликтөө аракеттери учурунда 1968-жылы туулган Турарбек Ибраев аттуу киши кармалган. Ал Кочкор районунун Теңдик айылыгын тургуну.

“Кармалган жаран жасаганына өкүнүп, элден кечирим сурады. Эми анын аракеттерине юридикалык баа берилет”, — дейт атайын кызмат.

УКМК жалган маалымат таратып, элге бүлүк салгандар мыйзам алдында жоопко тартыла турганын эскертет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button