Коом
Коронавирус. Ысык-Көлдө да эл ээн-эркин баса албай калды
Ысык-Көл облусундагы калктуу пункттардын ортосунда жарандардын бир жерден экинчи жерге өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт.
Мындай чечим тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бүгүн,24-мартта, облустук ыкчам штабдын жыйынында калктуу пункттардын ортосунда жарандардын жана автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.
Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары (акимдер, айыл
өкмөттөрү), муниципалдык жана мамлекеттик органдардын жетекчилери убактылуу
өткөрмөлөрдү өтө зарылдыгына жараша гана беришет.Убактылуу өткөрмөлөрдү
колдонууда мыйзам бузуулар аныкталган учурда жаран жана кызмат адамы кылмыш
жоопкерчилигине чейин тартылат.
Abal.kg



