Дүйнө

Коронавирус. Ырчы Лев Лещенко ооруканага жаткырылды

РСФСРдин эл артисти Лев Лещенко жубайы менен Коммунаркадагы медициналык борборго жаткырылды. Бул туурасында INTERFAX.RU 24 мартта маалымдады. «Интерфакска» бул маалыматты артисттин концерттик директору Олег Дмитриев билдирген.

«Ал жубайы менен ооруканга өзү барды. Өзүн жаман сезгендиктен клиникалардагы тааныш врачтарга кайрылган, досторунан консультация алган. Алар  Коммунаркадагы ооруканага бар деп кеңеш беришкен. Ал шектелип (коронавируска) ооруканага жаткырылды. Азыр анализ алышты, үч күндөн кийин билебиз», — деди Дмитриев.

Ал врачты чакыра албай коюп, ошон үчүн ооруканага өзү барды, деп белгиледи.

Лев Лещенко — советтик жана россиялык эстрада ырчысы, РСФСРдин эл артисти, ошондой эле музыкалык педагог, ырлардын автору, продюсер катары да белгилүү. Кинофильмдерге да тартылган.

Эскерте кетсек, Коммунаркадагы ооруканада коронавируска шектелгендер жана жуктургандар дарыланууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button