Коом
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жаңы учуру катталган жок

Кыргызстан боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын саны 42 киши бойдон. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова өкмөт үйүндө болгон брифингде жаңы учур катталбаганын айтты.
Ал маалымат берип жатып илдет табылган бейтаптар тийиштүү дарылоосун алып жатканын билдирди.
Анын айтканына ишенсек, коронавирус табылгандар өзүнчө жайда дарыланууда. Аны менен катар кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн жаран ал жактан дарыланып, врачтардын көзөмөлүндө.
Дарыгерлер күнү-түнү кезметте туруп, элдин саламаттыгы үчүн кам көрүп жатканын айтты.
Abal.kg