Кытай вирусологу эпидемияны төрт жумада токтотуунун жолун айтты

Вирусолог, COVID-19 боюнча Шанхай эксперттик тобунун жетекчиси Чжан Вэньхун Европага бул коронавирусту жеңүү үчүн дагы эки жыл талап этилет деп айтты. Бул туурасында 23-мартта «Интерфакс» билдирди.
Чжан Вэньхун бул пикирин Кытайдын генералдуу консулдугу немец шаары Дюссельдорфто уюштурган видеоконференциянын учурунда айтты.
«Айтып коеюн: пандемия Европада жакынкы арада токтойт дегенди унуткула», — деген вирусологдун сөзүнөн Гонконгдун South China Morning Post басылмасы цитата келтирген.
«Бул проблеманы кыска аралыкта чечүү үчүн иш-чаралар өтө радикалдуу болуш керек” Чжан Вэньхун.
«Эгерде бүткүл дүйнө жүзү адамдардын бүт кыймылын (перемещения) төрт жумага тыя алса, анда пандемияны токтото алат элек”, -деп белгиледи ал. Бирок андай болушун элестете да албасын, мындай мүмкүн эмес экенин кошумчалады ал.
Abal.kg