Коом

Өзгөчө абал.Ишке чыккан таксисттерге катуу чара колдонулат

Өзгөчө абал эрежесин сактабаган такси кызматтарынын жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин автомашиналары атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга мыйзамдын негизинде тиешелүү катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун, анын ичинде жүргүнчү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.

25-мартта Бишкекте автобус-троллейбустар каттабай калды. Бирок эскертүулөргө карабастан таксилер жүрүп жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button