Дүйнө
Коронавирус.Италияда акыркы бир суткада абдан көп киши каза болду
Италияда акыркы суткада 743 киши коронавирус инфекциясынан курман болду. Бул туурасында Италиянын Граждандык коргонуу департаментине таянып Reuters маалымдады.
Акыркы эки суткада: жекшемби менен дүйшөмбүдө 602 жана 650 киши кайтыш болгон. Бир суткада эң көп кайтыш болгондордун саны өткөн ишембиге туура келет — 793 киши. Италияда бул инфекциядан көз жумгандардын жалпы саны 6 820 кишиге жетти деп маалымдады «Газета.ру».
Бүгүнкү күнгө карата бул европалык өлкөдө айыккандары менен каза тапкандарын кошкондо 69 176 киши илдетти жуктурган. 8326 киши дарыланып чыгышкан.
Курман болгондордун саны боюнча биринчи орунда өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Ломбардия турат: 30 703 киши ооруп, 4178 бейтап курман болду.
Abal.kg