Обсервацияда жаткан аялдын “шашлык жейм” деп чырдаганына милиция жооп берди(видео)

Бүгүн, 25-мартта Фейсбук социалдык түйүнүндө, жана айрым маалымат сайттарында обсервацияда жаткан аялдын имаратты кайтарууга алган милиция кызматкерине шашлык алып келип берүүнү талап кылган видеосу жарыяланган. Бул окуя Ош шаарында болгондуктан ага Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматы жооп кылды.
“Укук коргоо кызматкерлеринин милдетине обсервацияда убактылуу жаткан жарандарыбызга тамак-аш алып келүү кирбейт. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети – ал жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналат. Аманчылык болсо – эжеге шашлык жеген күн келет”, – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, социалдык тармактарда “Карантинде жаткан аял милиция кызматкерине шашлык таап кел деп талап кылды” деген аталыштагы видео тарап кеткен.
Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз жана социалдык тармакка ким таратканы да белгисиз бойдон калууда.
Abal.kg