Коом

Коронавирус. Кыргызстанда дагы эки киши жуктуруп алганы аныкталды

Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки учур катталды. Ушуну менен ооругандардын саны 44кө жетти. Бул туурасында Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. 

Маалыматта биринчиси 60 жаштагы эркек киши экени айтылат, ал Бишкек шаарынын тургуну. Бейтап Испаниядан келген жаран менен байланышта болгон. Экинчиси дагы эркек киши, Дубайдан келген Чүй облусунун Москва районунун 35 жаштагы тургуну.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам коронавирус менен күрөшүүдө. 

Abal.kg


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button