Коом
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар келе башташты

Казакстан 24-марттан тарта Ирандан Кыргызстанды көздөй Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит менен келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучу автоунааларды өткөрүп баштады.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы ушул тапта казак-орус чек арасындагы “Котяевка-Курмангазы” өткөрүү пунктунан Казакстандын аймагына 19 автоунаа киргенин билдирет. Алар казак тараптын кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанды көздөй келет.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги транзиттик коридорду казак бийлиги Ирандан келе жаткан бир гана кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн ачып бергенин эскертет.
Иранда коронавирус табылгандан кийин алар чек арасын жаап, ал жакта 70тей кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулар калып кеткен.
Abal.kg