Дүйнө
Принц Чарльз коронавирус жуктурду

Принц Чарльздан коронавирус табышты. Бул туурасында король сарайына жакындар атайын билдирүү таратышты деп маалымдады The Guardian.
71 жаштагы Уэльс принци, Елизаветы II нин уулунан коронавирус инфекциясына анализ алышса, натыйжасы оң болуп чыккан. Тумоо жеңил формада өтүп, принц Чарльз Шотландиядагы үйүндө өзүн өзү изоляциялап, алыстан иштеп атат деп маалымдалды.
Жубайы Камилла — Корнуэльская герцогиниясынан да анализ алышканда, натыйжасы терс болуп чыкты.
Принц тумоону кимден жугузуп алганы азырынча тактала элек.
Азыр ушул кезде Улуу Британияда 8,1 миң коронавирус инфекциясын жуктурган бейтап катталып, 423 пациент каза таап, 140 киши айыккан.
Abal.kg