Коом

Пакистанга дааватка кетип, коронавирус жуктурган кыргызстандыктын абалы кандай?

Пакистанда коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык жарандын абалы туруктуу экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

“Абалы өтө жаман эмес. Ал зарыл болгон бардык медициналык жардамды алып жатат. Аны менен кошо ал жакка барган башка кыргызстандыктар коронавирус менен ооруган жок”, — деп министрликтен кабарлашты.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги COVID-19 вирусу табылган жарандардын ичинде Кыргызстандын 1963-жылы туулган жараны да бар экенин маалымдаган.

Алдын ала маалымат боюнча вирус жуктурган кыргызстандык башка төрт жаран менен (алар дагы Кыргызстандын жарандары. 1960, 1978, 1960 жана 1996-жылы туулгандар) Пакистанга даават үчүн келишкен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button