Дүйнө

Казакстанда эки бейтап коронавирустан айыкты

Маалымат боюнча алар 26-мартта ооруканадан чыгарылат. Казакстанда эки жаран коронавирустан айыкканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев аталган бейтаптар дагы деле дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтат.

“Эртең эки бейтап ооруканадан чыгарылат. Алардан жыйынтыктоочу анализ-тесттер алынды. Эми бул иштер биздин коронавирус менен күрөшүүдөгү алгачкы кичинекей жеңишибиз. Мындай жыйынтыктар күнү-түнү иштеген дарыгерлердин аракетинин аркасы менен болду”, — дейт министр.

Азыр Казакстанда коронавирус 80 адамдан табылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button