Коронавирус. Лев Лещенкону реанимацияга которушту

78 жаштагы Лещенко менен анын жубайы Ирина 23-мартта өзүлөрүн жаман сезгендиктерине байланыштуу, коронавириска шектелип, Москванын Коммунарка кыштагындагы инфекциялык ооруканага жаткырылган. Артист 12—мартта Канада менен АКШдан гастролдон кайтып келип, өзүн-өзү изоляциялоо режимин сактап аткан.
Лещенконун концерттик директору Олег Дмитриевдин айтуусуна караганда, артисттин абалы оордоп кеткендиктен эмес, аны пландуу процедурага ылайык реанимацияга которушуптур. Бул тууралуу ал 25-мартта ТАССка билдирген.
«Ал азыр реанимацияда, кислород менен “тамактанып жатат”. Бул экстренный абал эмес, деп түшүндүрүштү мага. Ушундай процедураны өткөрө турган эң таза, ыңгайлуу, жаңы аппаратура орнотулган жай ушул экен. Аны аябай мыкты карап атышат», — деди концерттик директор маалымат агенттигине.
Эскерте кетсек, Россияда коронавирус COVID-19 илдетин жугузгандардын саны 658ге жетти, 29 бейтап айыгып, 4 жаран каза тапты.
Abal.kg